НБ форум

Пользователи
  • Публикации

    51 996
  • Зарегистрирован

  • Посещение

    Никогда

О НБ форум

  • Звание
    Продвинутый пользователь
  • День рождения 14.04.2016

Информация

  • Пол
    Не определился
  • Город
    Бишкек

Посетители профиля

2 259 просмотров профиля
  1. Компания Samsung во время презентации в Нью-Йорке представила новые смартфоны Galaxy S8 и S8 Plus, передает "Лента. Просмотр полной статьи
  2. Португальские власти официально присвоили международному аэропорту на острове Мадейра имя футболиста национальной сборно Просмотр полной статьи
  3. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева уулуна Таир деген ысым ыйгарылганын өзүнүн Instagram баракчасына жазды. Белгилей кетсек, Шагиева 20-мартта көз жарган болчу. Кийин Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолукканда небересине кандай ат коюларын кыз-күйөөсү чечерин айткан. Шагиева ошондой эле толгоосу кандай өткөнүн айтып, ошол учурдагы сезимдери менен бөлүшкөн. «Оорудан улам акыл-эсимди дагы жоготуп коё сактадым», — деп жазды ал. Алия 11 саатка созулган толгоодон кийин көптөн күткөн перзенти жарыкка келгенин баса белгилеп, ымыркайын көкүрөгүнө жаткырганда эң бактылуу мүнөттөрдү башынан кечиргенин жазган. Андан сырткары учурда наристенин ден соолугу чың жана татынакай экенин да билдирген. Просмотр полной статьи
  4. Беспрецедентное решение вынес суд мексиканского штата Веракрус в отношении одного из участников группового изнасилования Просмотр полной статьи
  5. После развала СССР почему-то главенствующей идеей в обществе стал отказ от любой, какой бы то ни было идеологии как реак Просмотр полной статьи
  6. Организация экономического сотрудничества и развития (ОЭСР) опубликовала доклад, в котором сказано, что каждый пятый моб Просмотр полной статьи
  7. Ымыркайдын сөөгүн кудуктан ӨКМдин куткаруучулары чыгарышкан. Арча-Бешик жаңы конушунда кудукка түшүп кеткен жаш баланын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Билдирүүгө караганда, окуя Арча-Бешик жаңы конушундагы 8-көчөдө болгон. Анда 1,5 жаштагы ымыркай үйдүн жанындагы кудукка түшүп кеткен. Каза болгон ымыркайдын сөөгүн кудуктан ӨКМдин куткаруучулары чыгарышкан. Просмотр полной статьи
  8. Бүгүн, 2017-жыл 29-мартта Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы мурдагы соода өкүлү, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басары В.А. Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды. Жолугушууда Сапар Исаков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыӊдоо боюнча жемиштүү иши үчүн В.А. Некрасовго ыраазылык билдирди. Атап айтканда, КР Президентинин Аппарат жетекчиси анын тикелей катышуусу менен эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштар калыптанганын, россиялык кыйла инвестициялар Кыргызстандын экономикасына тартылганын, андан тышкары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ишин баштаганын белгиледи. Жолугушуу аягында Сапар Исаков В.А. Некрасовго жаңы кызматында үзүрлүү иштешин каалады. Просмотр полной статьи
  9. В начале апреля погода готовит сюрприз. Просмотр полной статьи
  10. Сегодня 29 марта, среда, самой актуальной темой дня оказалось ДТП со съемочной группой телеканала НТС - мы следим за раз Просмотр полной статьи
  11. Арабызда көптөр бир нече сааттык эле интернетсиз жашоосун элестете албашы турган кеп. Бирок эгерде интернет чыны менен эле өчүп калса эмне болмок? Бул тууралуу BBC Future баяндамачылары иликтеп көрдү. Стэнфорд университетинин окутуучусу Жефф Хэнкок өзүнүн студенттерине дем алыш күндөрү ар кандай тапшырмаларды бергенди жакшы көрөт. Албетте, сабак учурунда талкууланган темаларды практика жүзүндө текшерүү максатында. Хэнкок онлайн-коммуникация тармагындагы пихологиялык жана социалдык жараяндарды изилдеп жүрөт. Ал 2008-жылга чейин кээде студенттерине 48 саат интернетти пайдалануудан баш тартуу тапшырмасын берип келген. Бирок 2009-жылы Хэнкок бир жылдык академиялык эмгек өргүүсүнөн келгенден кийин баарысы өзгөргөнүнө күбө болду. «Мен мурдагыдай эле интернетти убактылуу пайдаланбоо тууралуу тапшырма бергенимде тайпадагы студенттер тим эле ызы-чуу чыгарышты,-дейт Хэнкок. -Алар күйүп-бышып, бул адилетсиздик жана мүмкүн эмес деп жаалашты». Студенттер интернет өчүп калса эч нерсе кыла албай калышарын, башка сабактарга да даярдана албасын, баарлашуу, көңүл ачуу, эс алуу, жадесе ата-энелери дагы эмне болду деп кабатыр болорун түшүндүрүүгө аракет кылышты. Хэнкок тапшырмасынан баш тартууга арагасыз болуп, экинчи ирет андай тапшырма берген эмес. «Бул эми 2009-жылы болгон эле. Азыр эми мобилдик телефондор жашообузга ушунчалык аралашып калгандыктан, студенттерден кандай реакция болорун элесететүү да мүмкүн эмес. Балким алар менин үстүмдөн ректорго даттанышмак»,-дейт ал. Азыркы учурда биздин жашообуз интернет менен тыгыз чырмалып калды.1995-жылы дүйнө калкынын бир гана пайызы интернетке туташууга мүмкүнчүлүк алган. Интернетти көбүнчө Батыш өлкөлөрүндө пайдаланышкан. 20 жыл өткөндөн кийин интернет желесине дүйнө калкынын дээрлик жарымы - 3,5 млрд киши байланышты. Бул сандар болжолу секундуна 10 кишиге көбөйүүдө. Pew изилдөө борборунун маалыматына караганда ар бир бешинчи америкалык интернетти такай колдонот. Ал эми 73 пайызы кеминде эки жолу интернетке кирет. Улуу Британияда дагы ушунда эле көрүнүш: 2016-жылдагы иликтөөгө караганда, чоң кишилердин 90 пайызы соңку үч айда интернет колдонгонун айткан. «Азыркы замандагы интернетке байланышкан олуттуу көйгөй биз муну өзүнөн-өзү боло жүргөн көрүнүш сыяктуу кабылдаганыбыз. Мунун менен ал биздин жашообуздун бардык тармагына канчалык деңгээлде кирип келгенин аңдабай калдык. Кишилер интернетке байланышы жок жашоону элестете да албайт»,-дейт Мичиган штатындагы университеттин окумуштуусу, «Коом жана интернет» деген китептин автору Уильям Даттон. Бирок интернет кол тийгис эмес. Иш жүзүндө аны бир нече убакытка глобалдык же улуттук масштабда өчүрүп койсо деле болот. Маселен, буга киберчабуулдар себеп болушу мүмкүн. Хакерлер интернет менен байланыштырган түйүндөргө атайын программаларды кое берип, үзгүлтүккө учурата алат. 2008-жылы Индия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Азияда интернет үзгүлтүккө учураган. Ошону менен бирге айрым өлкөлөрдүн өкмөтү интернетти өчүрүп сала турган «авариялык кнопкаларга» ээ. 2011-жылы Египетте «араб жазы» аталган окуялар учурунда каршылык акциясына чыккандардын уюштуруу иштерине тоскоол болуу максатында ушундай ыкма колдонулган. Түркияда каршылык акцияларында интернет өчүрүлгөн. Имиштерге караганда «авариялык кнопка» Кытайдын өкмөтүндө дагы бар. Америкалык сенаторлор өлкөнү киберчабуулдардан коргоо үчүн ушундай эле механизмди АКШда ишке киргизүү сунушу менен чыгышкан. Бирок «авариялык кнопка» орнотуу оңой эмес. Ѳлкөнүн аймагы канчалык чоң жана өнүккөн болсо интернетти өчүрүү ошончолук татаал. Деген менен интернетке эң олуттуу сокку космостон келиши мүмкүн. Күн системасындагы бороон жана Күндүн бетиндеги алоолонгон жалын Жерге багытталган болсо, спутниктер, электртүйүндөр жана компьютердик система керектен чыгат. «Күндүн тийген алоосу бир нече секундда эле терорристтер да, бомба дагы күчү жетпеген нерселерди кылып коюшу мүмкүн. Эртеби, кечпи дагы бир ири геомагниттик бороон болот»,-дейт Стэнфорд университетинде иштеген нейрофизиолог, «Эмнеге интернет маанилүү» деген китептин автору Дэвид Иглмен. Интернеттин үзгүлтүккө учурашы көпкө созулбайт. «Адистерден турган бүтүндөй армия ар кандай аварияларды калбына келтирүүгө даяр»,-деп көңүл жубатат United States Cyber Consequences Unit уюмунун өкүлү Скотт Борг. «Интернет-провайдерлерде жана роутер иштеп чыккан өндүрүшчүлөрдө авариялык пландуу аракеттер бар. Эгер чабуул болсо, сеттеги системанын аяр жерлери иштен чыгып калса, аны калыбына келтире турган адистери бар»,-деди ал. Иши кылып биз ар дайым интернет болуп туруусуна көнүп бүттүк. Бир аз убакытка эле үзгүлтүккө учураса анын жыйынтыгы эмне болмок? 2008-жылы АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги Боргго кайрылып, интернет өчүп калса анын болжолдуу кесепети тууралуу анализ берүүсүн суранган. Алды менен Борг жана анын кесиптештери 2000-жылдагы АКШда болгон компюьтердик жана сеттеги үзгүлтүктөрдүн экономикалык эффектин анализдешкен. Жабыр тарткан 20га чукул компаниялардын кварталдык каржылык отчетун жана жалпы экономикалык статистиканы иликтеп көрүп, алар интернет үзгүлтүккө учураган мезгилдин каржылык таасири аз эле болгонун байкашкан. Албетте, бул жерде көбүнчө төрт күндөн ашык эмес үзгүлтүк болгон. Бул кыска аралыкта ал тургай айрым жерлерде өндүрүштөгү эмгектин күчөгөнү да байкалган. «Айрым учурларда жүз миллиондогон, ал эмес миллиарддаган доллар жоготуулар тууралуу жарыяланган. Бирок чыны менен жоготууга учураган тармактар - мейманканалар, авикомпаниялар, айрым фирмалар көп деле жоготууга дуушар болгон эмес»,-дейт Борг. Интернеттин үзгүлтүккө учурашы бир канча күн боюу жумуш графигинен артта калууну гана жаратты. Борг жана анын кесиптешттери дагы бир иликтөө жүргүзүшкөн. Бул жолу алар компаниялардын офистеринде төрт саатка интернет үзгүлтүккө учураган абалдагы кесепеттерди иликтешкен. Мындай абалда кызматкерлер кол куушуруп эле олтуруп калган жок. Тескерсинче, алар мурда кылып жүргөн иштерине кызуу киришти. Мисалы, документ иштерин катырышты. Жыйынтыгында бизнес мындан уткан учурлар болду. «Тамаша иретинде биз ар бир компаниялар айына бир жолу ушундай кылып турса, кызматкерлеринин баары өз иши менен алектенип калат экен деп сунуштадык. Улам кийинкиге калтыра берген жумуштар бүтүп, жалпы өндүрүштөгү эмгек күчөйт экен,-дейт Борг.-Үзгүлтүк бүтүндөй экономикага таасир этет деген жоромолдорго себеп көрбөй турам". Эгерде интернеттеги авария бир күнгө же андан бир аз ашык убакытка созулса, анда транспорт тармагы көп деле жабыр тартпашы мүмкүн. Учактар интернети жок эле уча берет, поезд жана автобустар өзүнүн маршруту менен ишин улантат. Бирок узак убакытка созулган үзгүлтүк логистикалык жараяндарга таасир этет. Интернетсиз компаниялар өз ишмердүүлгүн жүргүзүүдө кыйынчылыкка учурайт. «Кээ бир кишилерге жана фирмаларга интернет жок болуп калгандагы атайын планды иштеп чыгуу сунушун берген элем. Бирок мени угуп, муну аткарган эч ким болгон жок",-деди Дэвид Иглмен. Чынында коммуникациянын олуттуу үзгүлтүккө учурашы чакан бизнеске жана ушул тармак менен жумушу байланышкан кишилерге катуу тасир этет. 1998-жылы спутниктердин бири иштен чыгып калып, АКШда 50 миллион пейджердин 90% пайызы иштебей калган. Ушундан көп өтпөй эле Мичиган штатындагы университеттин окумуштуусу, «Коом жана интернет» деген китептин автору Уильям Даттон сурамжылоо өткөргөн. 250 абоненттин сурамжылоосу, элдердин реакциясынан кийин, бул өчүрүүдөн экономикалык-социалдык факторлор аныкталган. Көптөр үчүн бул калың кар жаап салып, үйдө олтуруп калган сыяктуу эле болду деп эскерет Даттон. Пейджер аркылуу буюртма алып иштегендер бир нече күн жумушсуз калышкан. Жалгыз бой энелер катуу стресс болушкан. "Ошондуктан интернет жок болуп калган учурдагы кишилердин реакциясы көбүнчө алардын социалдык-экономикалык статусуна байланыштуу экенин түшүнүү керек",-деди Даттон. Деген менен интернет жок болуп калгандагы психологиялык кесепеттер, кооптонуу, өзүн сырт дүйнөдөн алыс калгандай сезген туюм баарына мүнөздүү болот. Бул сезим Боргго деле тааныш: «Үйгө смартфонумду калтырып койгондо, өзүмдү жалаңач жүргөндөй сезем. Капылеттен эле кабатыр ойлор болот,-дейт ал. -Мен кайда баратканымды билеминби? Эгер унаа бузулса жардамга кантип чакырам? Ушул сыяктуу ойлорго кабылам". Ошол эле учурда интернетсиз жашоодо кишилер жакындан сүйлөшүп, баарлашып калат деген жоромолдор туура эмес дейт иликтөөчүлөр. Кайра интернетте көп олтурган кишилер көбүрөөк мамиле түзүүгө ийкемдүү болору байкалган. Айрым кырдаалдарда интернетти жоктугу дагы кишилерди бири-бири менен сүйлөшүүгө түрткөн жагдайлар да жок эмес. Айталы, электрондук кат алышкан кызматкерлерди бири-бири менен сүйлөшүүгө арагасыз кылат. «Бир күнгө интернет жок болуп калгандан дүйнө урап калбайт,-дейт Ломборг, - Бирок менимче, көпчүлүк кишилер үчүн бир күндүк эле үзгүлтүк өтө жаман көрүнөт». «Интернеттеги авария биздин ой жүгүртүүбүзгө чукул бурулуш жасайт деп айтканга кубанмакмын. Бирок мындай болот деп ойлобойм",- дейт Жефф Хэнкок. Мындай ишенимдүүлүккө карабастан анын студенттери дем алыш күндөрү интрнеттен баш тартууга макул болушу, албетте, күмөндүү. Просмотр полной статьи
  12. “Саякбай 20-кылымдын Гомери” тасмасы үстүбүздөгү жылы жайында көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу аталган тасманын аткаруучу продюсери Сүйүм Сулайманова билдирди. Анын айтымында, тасманын бет ачары болжол менен июнга пландалууда. “Биз азырынча так күнүн чечип жатабыз, көрүүчүлөргө июнда көрсөтүүбүз мүмкүн”, - деди ал. С.Сулайманова белгилегендей, кинотасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров, койгон оператору Хасан Кыдыралиев, үн режиссер Бакыт Ниязалиев, койгон сүрөтчү Толгобек Койчуманов тартып жатышат. Башкы продюсери Самат Ибраев жана “Саякбай манасчы” фонду. “Башкы ролду Марат Жанталиев, Бактыбек Нурмат уулу жана көпчүлүккө таанымал 8 жашар манасчы Үмөт Болот уулу аткарышат. Тасмада Саякбай Каралаевдин Чыңгыз Айтматов менен жолугушкан учуру бар. Жазуучуну анын баласы Эльдар Айтматов ойнойт”, - деп билдирди ал. Эскерте кетсек, тасма өткөн жылы августта тартылып баштап, октябрда аяктаган. Саякбай Каралаев – советтик кыргыз акыны жана улуу манасчы. 1894-жылы Ысык-Көл облусунун Семиз-Бел деген жеринде Бугу уруусундагы Карала кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын эс тутуму абдан жакшы болгон, кыргыз улуттук фольклорун жакшы билген. Манасчы “Манас” үчилтигинин өзү иште чыккан эпикалык сюжеттерин аткарган. Мыкты төкмө акын болгон. С.Каралаев көптөгөн медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССРинин эл артисти болгон. Каралаев 1971-жылы 7-майда Фрунзеде каза болгон. Просмотр полной статьи
  13. “Саякбай 20-кылымдын Гомери” тасмасы үстүбүздөгү жылы жайында көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу аталган тасманын аткаруучу продюсери Сүйүм Сулайманова билдирди. Анын айтымында, тасманын бет ачары болжол менен июнга пландалууда. “Биз азырынча так күнүн чечип жатабыз, көрүүчүлөргө июнда көрсөтүүбүз мүмкүн”, - деди ал. С.Сулайманова белгилегендей, кинотасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров, койгон оператору Хасан Кыдыралиев, үн режиссер Бакыт Ниязалиев, койгон сүрөтчү Толгобек Койчуманов тартып жатышат. Башкы продюсери Самат Ибраев жана “Саякбай манасчы” фонду. “Башкы ролду Марат Жанталиев, Бактыбек Нурмат уулу жана көпчүлүккө таанымал 8 жашар манасчы Үмөт Болот уулу аткарышат. Тасмада Саякбай Каралаевдин Чыңгыз Айтматов менен жолугушкан учуру бар. Жазуучуну анын баласы Эльдар Айтматов ойнойт”, - деп билдирди ал. Эскерте кетсек, тасма өткөн жылы августта тартылып баштап, октябрда аяктаган. Саякбай Каралаев – советтик кыргыз акыны жана улуу манасчы. 1894-жылы Ысык-Көл облусунун Семиз-Бел деген жеринде Бугу уруусундагы Карала кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын эс тутуму абдан жакшы болгон, кыргыз улуттук фольклорун жакшы билген. Манасчы “Манас” үчилтигинин өзү иште чыккан эпикалык сюжеттерин аткарган. Мыкты төкмө акын болгон. С.Каралаев көптөгөн медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССРинин эл артисти болгон. Каралаев 1971-жылы 7-майда Фрунзеде каза болгон. Просмотр полной статьи
  14. Соединенное Королевство запустило процедуру выхода из состава Евросоюза. Просмотр полной статьи
  15. Бывший заместитель директора Антикоррупционной службы ГКНБ Жаныбек Жоробаев может быть на днях назначен на руководящую д Просмотр полной статьи