НБ Форум

Birge>Кыргызстандын дагы бир футболчусу карьерасын Өзбекстандан улантат

Recommended Posts

Screenshot_2.png

 Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Шерзот Шакиров Өзбекстандын "Согдиана" клубуна которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Оюнчунун клуб менен келишими 2 жылга түзүлгөн. Бирок ал дагы бир жылга узартылышы мүмкүн.

Ал учурда Кыргызстандын курамасынын коргоочусу өзүнүн жаңы командасына кошулуп, достук беттеш өткөрүүгө да жетишкен.

"Учурда команда алдыдагы сезонго Түркияда даярданып жатат. 6-февраль күнү Сербиянын "Бачка Паланка" клубу менен достук оюнун өткөрүп, ал тең чыгуу – 2:2 менен аяктады. Мен оюнга башкы курамда чыгып, 90 мүнөт оюн талаасында болдум", - дейт спортчу.

Белгилей кетсек, "Согдиана" клубу Өзбекстандын жогорку лигасында ойнойт.

Кошумчалай кетсек, Шерзот Шакиров Өзбекстандын клубуна кеткен жалгыз оюнчу эмес. Футбол курамабыздын оюнчусу Ахлидин Исраилов да 5-февраль күнү "Андижан" клубу менен бир жылдык келишим түзгөн.

Просмотр полной статьи

Поделиться сообщением


Ссылка на сообщение
Поделиться на других сайтах

Создайте аккаунт или войдите для комментирования

Вы должны быть пользователем, чтобы оставить комментарий

Создать аккаунт

Зарегистрируйтесь для получения аккаунта. Это просто!

Зарегистрировать аккаунт

Войти

Уже зарегистрированы? Войдите здесь.

Войти сейчас