НБ Форум

Birge>Президент тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Recommended Posts

Screenshot_4.png

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар боюнча маселелер, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган актуалдуу пландар менен маселелер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин расмий сапарына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.


Просмотр полной статьи

Поделиться сообщением


Ссылка на сообщение
Поделиться на других сайтах

Создайте аккаунт или войдите для комментирования

Вы должны быть пользователем, чтобы оставить комментарий

Создать аккаунт

Зарегистрируйтесь для получения аккаунта. Это просто!

Зарегистрировать аккаунт

Войти

Уже зарегистрированы? Войдите здесь.

Войти сейчас