НБ Форум

Birge>Кыргыз-өзбек ишкерлери кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

Recommended Posts

Screenshot_2.png

 Өзбекстандын Соода-Өнөр-жай Палатасынын төрагасынын орун басары Уткир Бутаев менен КРнын Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев баштаган кыргыз делегациясынын жолугушуусу болгон. Анда эки тарап алдыдагы кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулаган. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-Өнөр-жай Палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда КР менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, өнөр-жай тармагында, алсак, жеңил өнөр-жай, энергетика, жер казыналарын иштетүү жана башка багыттарда кызматташуу боюнча пикирлер айтылган.

Ошондой эле В2В форматындагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында КРнын жеңил өнөр-жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов, "Текстиль Транс" ЖЧКсынын түзүүчүсү Алмазбек Абдраев менен "BMB Trade Group" компаниясынын башкы директору Махмуд Асамовдун ортосунда текстиль жана жеңил өнөр-жай тармагында кызматташуу боюнча сөз болгон.

Анда алар айрым маселелер боюнча пикир алышып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы рынокко чыгуу маселелерин талкуулашкан.

Просмотр полной статьи

Поделиться сообщением


Ссылка на сообщение
Поделиться на других сайтах

Создайте аккаунт или войдите для комментирования

Вы должны быть пользователем, чтобы оставить комментарий

Создать аккаунт

Зарегистрируйтесь для получения аккаунта. Это просто!

Зарегистрировать аккаунт

Войти

Уже зарегистрированы? Войдите здесь.

Войти сейчас