НБ Форум

Модераторы
  • Публикации

    25 224
  • Зарегистрирован

  • Посещение

О НБ Форум

  • Звание
    Продвинутый пользователь

Информация

  • Пол
    Не определился
  • Город
    Бишкек
  1. Өлкөдө корупция менен болгон күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана жана Сокулук шаарларынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Паракорчулук менен күрөштө сиздердин да жардамыңыздар керек болот, коррупциялык иш-аракеттерге эч ким кайдыгер карабашы керек”,-деп билдирди президент жолугушууга келгендерге кайрылып жатып. Ал кийинки жылдары өлкөбүз калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык жана социалдык оор сыноолорду баштан кечиргенин белгиледи. “Ушул жылдары биз башка болуп өзгөрдүк. Күчтүү болдук. Оор сыноолордо такшалып, бышып жетилдик”,- деп билдирди мамлекет башчысы. “Мамлекетибиз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Энергетика тармагы туруктуу болуп калды. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө дагы ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Учурда биз эл аралык трассалар, облустардын, райондордун борборлорундагы транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жаңы автожол салынып жатат. Азыр биз жакшы жолдору бар мамлекеттердин катарына кошулуу максатын ишке ашырып жатабыз”, - деп белгиледи президент. Просмотр полной статьи
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында аймактын активи менен жолугушту,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы. Каракол шаарындагы драма театрда, облустун бардык айылдарынан келген 500дөй делегаттын катышуусу менен өткөн жыйында бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Айрыкча көлдүктөр облусту инфраструктуралык жактан өнүктүрүү маселесине басым жасашты. Жолдорду оңдоо, мектеп жана оорукана көйгөйлөрү көп айтылды. Кээ бир делегаттар алыскы айылдарды интернет менен камсыздоону эртелетүүнү суранышты. Айтылгандай 18 айылда интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми облус жаштары өздөрү иштеп чыккан долбоорлорун жана ойлоп табууларын ишке ашырууга көмөктөшүүнү өтүндү. Ошондой эле аймакты өнүктүрүүгө багытталган пикирлери менен бөлүшүп, инвестиция тартуу маселесин да көтөрүштү. Андан тышкары жыйын катышуучулары жерлерди трансформациялоо көйгөйүнө да токтолушту. Бул көйгөй учурда караколдуктар жана ага жакын жайгашкан айыл тургундары үчүн өтө актуалдуу экени белгиленди. Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелерди тиешелүү министрликтерге жана мекемелерге жеткирүү менен алардын чечилишине көмөктөшөрүн убада кылды. «Биздин максат – Кыргызстаныбызды өнүктүрүү. Баарыбыз мамлекетибиз үчүн өз үлүшүбүздү кошушубуз зарыл. Ысык-Көл облусу туристтер кызыккан уникалдуу аймак. Андыктан биргелешип Ысык-Көл облусундагы жана башка аймактардагы туристтик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүшүбүз шарт», - деди Дастанбек Жумабеков. Просмотр полной статьи
  3. Кыргызстандык Абдурахман Муртазалиев Түндүк Американын джиу-джитсу боюнча American Continental Championship ачык чемпионатында “коло” медаль утту. Турнир 18-февралда Нью-Йоркто (АКШ) өттү. Муртазалиев 85 кг чейинки салмактык категория боюнча мелдеште катышты. “Биздин желекти жогорку тепкичте көтөрүүгө мүмкүн болгон жок, ар дайым эле биз каалагандай боло бербейт, барына шүгүр кылуу керек”,-деп билдирген спортчу. Эске сала кетсек, январь айынын аягында Муртазалиев 2018-жылы джиу-джитсу боюнча Азиянын чемпиону болгон. Просмотр полной статьи
  4. На индонезийском острове Суматра произошло извержение вулкана, в воздух поднялся столб пепла высотой пять километров Просмотр полной статьи
  5. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган. Мыйзам дене тарбия жана спорт чɵйрɵсүндɵгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Дене тарбия жана спорт жɵнүндɵ» Мыйзамынын бир топ ченемдерине редакциялык мүнɵздɵгү, тактоо иретиндеги ɵзгɵртүүлɵр киргизилген. Ошондой эле Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵттүнүн дене тарбия жана спорт жагындагы ыйгарым укуктары аныкталган жана такталган. Просмотр полной статьи
  6. Свидетели происшествия написали заявление в местную управу, но им ответили, что разбираться в случившемся никто не будет Просмотр полной статьи
  7. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Кыргызстанга Европалык бирликтин Кыргызстан менен болгон мындан аркы кызматташуусу тууралуу пикир алмашуу үчүн келген Европалык бирликтин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Европалык бирликтин институттары менен өз ара активдүү аракеттенишип жатканын белгилеп, Кыргыз Республикасы менен Европалык бирлик ортосундагы кеңейтилген шериктештик жана кызматташтык жөнүндөгү жаңы Келишимди макулдашуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнүн маанисине токтолду. Мындан тышкары ал Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча аракеттерин, социалдык программаларды, анын ичинде алыскы аймактардагы калкты таза суу менен камсыздоо (“Таза суу”) долбоорун колдогону үчүн Европалык бирликке ыраазычылык билдирди. Европалык бирликтин Атайын өкүлү Петер Буриан Европалык бирлик Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин, парламенттик демократияны, мыйзамдын артыкчылыгын жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган өлкөнүн аракеттерин колдой турганын белгиледи. Петер Буриан өз сапарынын алкагында “Кыргызстандын көз карашы боюнча Евробирлик менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелер” аттуу семинар өткөрүүнү пландаганын, анда Евробирликтин Кыргызстандагы жана жалпы Борбордук Азиядагы ишмердигинин келечеги талкууланаарын белгиледи. “Биз Сиздин аймактарды өнүктүрүүгө басым жасап жатканыңызды байкап жатабыз жана бул жаатта так артыкчылыктуу багыттар аныкталганына оң баа беребиз”, - деп белгиледи Европалык бирликтин Атайын өкүлү Петер Буриан жана аймактарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда кызматташтыкка даяр экенин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элет тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү жана миграциянын агымын кыскартуу боюнча өнөктөштөрдүн жардамын жогору баалай турганын белгиледи. “Эл аралык донорлор менен болгон иште биз аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун колдоо маселелерине, анын ичинде Кыргызстандын продукциясын Европанын рыногуна алып чыгуу потенциалын арттырууга жана биринчи кезекте чакан жана орто ишкерликке ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча артыкчылыктуу маани берүүгө ниеттенип турабыз. Биз Европалык бирлик тарабынан бизге берилген өзгөчө жеңилдиктерди жогору баалайбыз», - деп баса белгилеп, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы ВСП+ статусун алган Борбордук Азиядагы жалгыз мамлекет экенин эске салды. Просмотр полной статьи
  8. Кечээ, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Каракол шаарындагы “Ала-Тоо-Сүт” кооперативдик ишканасына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. Аталган кооперативдик ишкана 2012-жылы ачылган. Азыркыга чейин жакынкы төрт райондун 90дон ашуун айылынын тургундарынан сүт кабыл алып, ички рынок үчүн зарыл болгон азыктарды өндүрөт. Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев белгилегендей, ишкананын кубаттуулугун дагы да арттыруу үчүн инвестициялык колдоо зарыл. Төрага Дастанбек Жумабеков кооперативдик ишканалар аймактарда жаңы жумушчу орундарын түзүүгө көмөкчү болорун билдирип: “Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, суроо-талапка ээ айыл чарба азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча кооперативдик ишканаларга инвестиция издеп, колдоого алуубуз кажет. Ысык-Көл облусу таза экологиялык азыктардын мекени катары таанылышы шарт”, – деди. Просмотр полной статьи
  9. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда жумушчу сапар менен Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочулары менен жолугушат. Президент ошондой эле Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышат. Просмотр полной статьи
  10. Валюталар курсу Бишкекте Улуттук банк курсу Просмотр полной статьи
  11. Сколько человек пострадали, пока неизвестно Просмотр полной статьи
  12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Султанбек кызы Мээримге материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Султанбек кызы Мээрим – төрт баланын энеси. Он беш жаштагы уулу Изат менен он үч жаштагы уулу Кубанычбек оорунун айынан майып болуп калышкан. Бир туугандар өздөрү басып, мектепте окууну кыялданганы менен каржы жетишсиздигинин айынан дарылана албай келишет. Үй-бүлө жакыр турмушта, кичинекей ижарага алынган батирде турат. Алардын менчик үйлөрү жок. Төрага Дастанбек Жумабеков Султанбек кызы Мээримдин үйүнө барып, 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Ал эми балдарына планшет жана оюнчуктарды белекке берди. Ошондой эле Төрага жер тилкесин алууга жана там куруу үчүн демөөрчүлөрдү табууга көмөктөшөрүн убада кылды. Ал эми Изат менен Кубанычты медициналык кароодон өтүүгө Бишкекке чакырды. “Качан күн жылыганда Бишкекке келгиле. Бардык тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрөбүз”, – деди. Просмотр полной статьи
  13. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-январда өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимине ылайык, ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жана тапшырмалар талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын катарын милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, а түгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырды. Ал Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн акыркы социологиялык изилдөөлөрдүн тыянактары боюнча коррупция жана жумушсуздук коомду өзгөчө түйшөлткөн көйгөйлөргө айланганын, бул сурамжылоолордо ички иштер органдары алдыңкы катарда экенин эскертти. «Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана министр Улан Исраиловго милициянын катарын “погончон кубулмалардан” тазалоо ишин күчөтүүнү жана өлкөдө кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды. Просмотр полной статьи
  14. Кыргызстандын тогуз мушкери Индонезияда Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Учурда мушкерлер Алмата (Казакстан) шаарында окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Ал 4-мартта аяктайт. Азия оюндарына Кыргызстандын атынан катышуучулар: Мирлан Туркбай уулу (49 кг), Сыргак Жансейитов (49 кг), Жаныбек Мусаев (52 кг), Сирожидин Абдуллаев (56 кг), Бек Камчыбеков (64 кг), Нурлан Кобашев (64 кг), Абдурахим Абдурахманов (69 кг), Ильяс Макуканбетов (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг). Ага машыктыруучулар Жылдыз Ниязалиев жана башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев. Кураманын мүчөлөрү спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциядан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 325 миң сом каралган. Просмотр полной статьи
  15. В Бишкеке неизвестный автолюбитель сбил ребенка, сообщил очевидец агентству Sputnik Кыргызстан Просмотр полной статьи